05.09.2018 14:20

Бишкектеги №64 мектепте ата-энелерден ар кайсыга акча жыйнашууда

Бишкектеги №64 мектепте ата-энелерден ар кайсыга  акча жыйнашууда

Бишкектеги №64 мектеп-гимназияда ата-энелерден көп акча чогултуп жатышат. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Иза Адепова билдирди.

Анын айтымында, баласы быйыл биринчи класска барган. Биринчи күндөн тартып эле, мектепте ар кайсы шылтоо менен акча сурап башташкан. 

Иза Адепова билим берүүчү жайдан эмнелерди сураганын тизмектеп берген: 

«1) Бардык китептерди жана тетраддарды биз өзүбүз сатып алдык. Класс жетекчиси ээ дегенде эле «Өзүңөр сатып алгыла» деди.
2)  Окуу үчүн ай сайын 350 сом төлөйт экенбиз.
3)  Тамак үчүн күн сайын 10 сомдон кошот экенбиз
4)  Балам али окуй элек мектептин парталары менен отургучтарын ата-энелер акча чогултуп, жаңылап беришибиз керектигин айтышты.
5) Мугалимден ОБЖ, адеп, алиппе тетраддарын сатып алат экенбиз - ар бири 150 сомдон.
6) Эгер бала мектепке тиешеси жок райондон болсо, ата-энеси 3 миңден 5 миңге чейин акча төлөшү керек. (балким, көбүрөөк төлөгөндөр да бардыр).
7) Мектеп караган райондун балдары канцелярия, дары жана мектепке аптечка сатып берүүгө милдеттендирилди», -дейт шаар тургуну.

«Менде мындай суроо жаралды: Бул жемкорлукпу же ушундай болушу керекпи? Билим берүү министрлиги эч нерсе бөлүп бербейби? Китептер жокпу? Мектепке дары-дармекти ата-энелер сатып бериши керекпи? Окутуу акылуубу? Тамак үчүн да төлөшүбүз керекпи? Мектептеги парта, отургучтарды биринчи класстын окуучуларынын ата-энелери жаңыртышы керекпи?» - деп тактап сурады Иза Адепова.