24.04.2018 17:11

Бишкектеги «Ак-Ордо» жаңы конушуна жаратылыш газы берилди

Бишкектеги «Ак-Ордо» конушуна жаратылыш газы берилди. Бүгүн «Газпром Кыргызстан» ишканасы  Ленин районунун администрация жетекчиси Нурдин Тынаевдин катышуусунда «Ак-Ордо» жаңы конушуна газ берүүнү салтанаттуу түрдө баштады. Бул туурасында калаа мэриясынан кабарлашты. 

Долбоорго ылайык, жаңы конуштагы газ түтүгүнүн жалпы узундугу 66 чакырым болуп, бул  4 миң 200 үйдү газ менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Учурда №53, №55, №56 кварталдарды газификациялоо иши аяктады. Бул кварталдагы үйлөрдүн жалпы саны 800дөн ашык, газ түтүгүнүн узундугу- 21 чакырымга жакын.

 «Ак-Ордо» жаңы конушун газга туташтыруу иши «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын инвестициялык программасынын алкагында жүрүп жатат. Аталган  программа өлкө боюнча калктуу пункттарды газдаштыруу максатын көздөйт.

Эскерте кетсек, Ленин районунун тургундарына ыңгайлуулук жаратуу  үчүн Ахунбаев жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде Кардарларды тейлөө борбору ачылган. Ал жакка каалоочулар газга туташуу, дүмүрчөктөрдү төлөө жана башка газ менен камсыздоого байланышкан суроолор боюнча кайрылса болот.