13.08.2018 14:12

Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунун жанынан шаар тургунун аз жерден темир басып кала жаздады

Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунун жанынан шаар тургунун аз жерден темир  басып кала жаздады

Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунун жанынан өтүп бараткан кызды аз жерден темир басып кала жаздады. Бул туурасында Фейсбуктагы баракчасына кыздын курбусу жазып чыкты.

Ал шаар тургундарын ЦУМдун жанынан өтүүдө сак болууга чакырат. 

«9-август күнү «Алтын» дүкөнүнүн каршысындагы унаалар курулуш иштери жүрүп жаткан аймакка кирген жерде, жөө адамдар өтчү жолдун бөлүгүнө көлөмдүү темир түшүп кетиптир. Ал менин курбу кызымдын  бут алдына кулаптыр. Курбум курулуш жүрүп жаткан жакка баш көтөрүп караса, кабаттардын биринде каска кийген жумушчу жыргап күлүп турган экен. Темир түшкөн бийиктикти жана анын оордугун эске алганда, күлө турган учур эмес болчу. Курбум журналист, блогер, же активист болбогондуктан, бул иш боюнча эч кимге арызданбай, иштерине шашып кете берген. Өлүмдөн же майып болуп калуудан бир кадам гана сактап калганын ойлоп, кийинки эки күн «шок» абалында жүрдү», - деп жазат шаар тургуну.