02.10.2018 14:13

Бишкектеги Кустанай көчөсүндө салынган «өзгөчө» арык шаар тургунун таңдантты

Бишкектеги  Кустанай көчөсүндө салынган «өзгөчө» арык шаар тургунун таңдантты

Бишкектеги Кустанай көчөсүндө былтыр, 2017-жылы жаңы жол жасалып, аны менен бирге жолдун эки тарабына арык салынган. April.kg порталынын окурманы иштин жыйынтыгы тууралуу тасма жөнөттү. 

Видеодо көрүнүп тургандай, жолдун бир тарабындагы арыктан суу түштүктөн түндүктү көздөй агышы керек. Орто жолдон арык бүтүп калып, көчөнүн асты менен суу жолдун аркы бетине өтөт. Ал жактагы арык кайра түштүктү көздөй багытталган. 

«Жол жасагандар ушуну кандай карап, жасаган?» - деп таңданат тасманын автору.