03.08.2018 19:04

Бишкектеги "Тазалык" ишканасынын кызматкери ыр жазып, бала кезиндеги тилегин орундатты

Жашы элүүдөн ашканына карабастан, өз кыялынан баш тартпаган киши. "Тазалык" шаардык мекемесинин кызматкери Нурлан Базарбаев бала кезиндеги тилегин орундатып, музыкалык чыгарма жаздырган. Башкы мааниси неберелерге болгон мээрим. Максаты - биротоло музыкантка айлануу. April.kg кабарчысы автор менен таанышып, обондорун угуп келди.