18.04.2018 12:38

Бишкектеги тыгындар мындан ары Яндекс.Таксидеги жол жүрүүлөрдүн баасын өзгөртпөйт

Бишкектеги тыгындар мындан ары Яндекс.Таксидеги жол жүрүүлөрдүн баасын өзгөртпөйт

Бишкектеги жол тыгындарын эске алып, Яндекс.Такси  такси кызматтарынын төлөм саясатын кайра карап чыгышты. Эми унаа тыгынга туш болсо же айдоочу айланып өтсө Бишкектеги Яндекс.Таксинин колдонуучулары сапар үчүн төлөшпөйт. Эгерде жол жүрүү он мүнөттүн ордуна бир саатка созулса, баштапкы баасы өзгөрүлбөйт. Колдонуучу канча төлөөрүн дайыма алдын ала билет.

«Бизге сапар учурунда баа күтүүсүздөн аябай өсүшү мүмкүндүгү тууралуу арыздар келип түшкөн. Ошондуктан биз Бишкекке барып келдик, шаардын тургундары менен сүйлөштүк, өзүбүз түрдүү каттамдарды тестирлөөдөн өткөрдүк. Бишкекте тар көчөлөр үчүн дайыма тыгындар боло тургандыгы аныкталды. Азыр да жолдор мындан да көп жүктөлгөн, анткени борбордук магистралдар оңдоого жабылган. Эми колдонуучулар колдонмодо буйрутма кылган учурдагы көргөн баага барарына таксиге ишенишсе болот», — дейт  Яндекс.Таксинин эл аралык өнүктүрүү боюнча директору Мушег Саакян.

Колдонуучу бара жаткан жерин сөзсүз түрдө көрсөтүүсү зарыл. Андан кийин колдонмо дароо жол журүүнүн баасын көрсөтөт — эгер колдонуучу таксини дароо чакырса, ошол сумманы аягында төлөйт. Эгер жете турган жер көрсөтүлбөсө, колдонмо так бааны эсептей албайт.

«Жол тыгындарынын айынан бааны жогорулатуу — биз алышып жаткан жалгыз көйгөй эмес. Колдонуучулар онлайн-колдоонун жай жооп берүүлөрүнө да арызданышкан — ошондон улам биз Кыргызстанда кошумча кызматкерлерди алдык. Эми көбүнчө учурларда колдоо бир нече сааттын ичинде жооп берет», — дейт Мушег Саакян.

Яндекс.Такси командасы колдонмодогу жана коомдук тармактардагы бардык арыздарды карап чыгат. Кызматкерлер айдоочулардын рейтингин, жол жүрүүлөрдүн статистикасын, колдонуучулардын пикирлерин эске алышат — начар ниеттүү айдоочуларды аныктап чыгып, аларды тосмолошот. Жакында Бишкекте Яндекс.Такси борбору ачылат жана ал жакта кызматкерлер өздөрү айдоочууларга колдонмо менен иштегенди, жакшы жүрүм-турумду үйрөтүшөт жана шаарды билүү боюнча экзамен өткөрүшөт.