21.09.2018 11:52

Бишкектен жоголгон кыз башка шаардан табылды

Бишкектен жоголгон кыз башка шаардан табылды

Бишкекте дайынсыз жоголгон 14 жаштагы Аида Мамаева Жалал-Абад облусунан табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, кыз 21-сентябрга караган түнү табылган. «Кыз аман-эсен, учурда ата-энесине кайтарылып берилди», -дешти милициядан.