23.04.2018 17:32

Бишкектин 21 жаштагы тургуну 3 күндөн бери дайынсыз жоголду

Бишкек шаарында 3 күндөн бери дайынсыз жоголгон 21 жаштагы кыз изделүүдө. Бул туурасында Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирет.

1997-жылы төрөлгөн Үсөн кызы Алтынай үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде үйдөн чыгып кеткен боюнча кайра келген эмес. 

Кыздын бою 155-160 см, арыкчырай, чачы желкесинен жана кара, көздөрү кара экени айтылат. Үстүндө күңүрт түстөгү сайма гүлдөр түшүрүлгөн куртка, кара түстөгү жинсы шым. 

Үсөн кызы Алтынайдын кайда экени тууралуу билгендер болсо, төмөнкү телефон номерлери аркылуу маалымдоону:

  • 0(312) 54-41-84;
  • 0(553) 07-43-43;
  • же  «102» кызматына  билдирүүнү өтүнүшөт.