19.09.2018 09:38

Бишкектин 3-кичирайонунда 22-сентябрда таза суу жок болот

Бишкектин 3-кичирайонунда 22-сентябрда таза суу жок болот

Бишкектин айрым райондорунда 22-сентябрда таза суу жок болот. Бул тууралуу «Бишкексууканал» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, техникалык себептерге байланыштуу 22 сентябрь күнү саат 9:00дөн 17:00гө чейин борбор калаанын 3-кичирайонунун аймагында ичүүчү суу өчүрүлөт. 

Суу Койбагаров көчөсүнүн түндүк тарабында жайгашкан Тобольский кыска көчөсүнөн Предгорный кыска көчөсүнө чейин, анын ичинде:  

- №60 орто мектепте;
- №123 мектепке чейинки билим берүүчү мекемеде;
- №126 адистештирилген мектепке чейинки билим берүүчү мекемеде; 
- №64 байланыш почта бөлүмү; 
- «Ариэль»ОТК;
- «Ариэль Лиор» жеке менчик бала бакча;
- Улуттук онкология борборунда өчөт.

«Бишкексууканал» шаар тургундарынан, уюмдардан  келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, таза суу камылгасын көрүп алууну суранат.