27.03.2018 17:58

Бишкектин "Ак-Босого" жаңы конушунда Калкты тейлөө борбору ачылды

Бишкектин "Ак-Босого" жаңы конушунда Калкты тейлөө борбору ачылды

Бишкектин "Ак-Босого" жаңы конушунда Калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.  Маалыматка ылайык, №81 орто мектептин жанында жайгашкан борбор "Ак-Босогодон" тышкары "Эне-Сай", "Келечек" жана "Дордой" жаңы конуштарын да тейлемекчи.

Калкты жана жарандык абалды каттоо департаментинин жетекчи орун басары Бакыт Конушбаев ачылыш салтанатында алгач бул жерден паспорт алуу үчүн документтерди тапшырып, жашаган жер боюнча катталуу мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып берди.

"Жакын арада жеке идентификациялык номер да алууга болот", — деди ал.

Калкты тейлөө борборунун ачылышына күбө болгон жергиликтүү тургундар түзүлүп жаткан ыңгайлуулуккка ыраазычылык билдиришти.