18.06.2018 08:50

Бишкектин айрым аймактарында бүгүн электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт

Бишкектин айрым аймактарында  бүгүн электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт

Бишкектин айрым көчөлөрүндө бүгүн электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул туурасында «Түндүкэлектр» ишканасынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, төмөнкү көчөлөрдө жарык өчүрүлөт: 

— 09.00-12.00 — Горький жана Бектенов, Карасаев менен Тунгунский көчөлөрүнүн кесилиши;

— 09.00-18.00 — "Ак-Өргө" конушунун Ак-Марал, Кривоносов, Ахунбаев, Ак-Кайың, Кереге-Тоо, Чортеков, Муромск көчөлөрү;

— 11.00-13.30 — Белорусский көчөсү менен Кум-Бел тар көчөсүнүн кесилиши;

— 14.00-17.30 — Чыңгыз Айтматов проспектиси;

— 16.00-18.00 — Медеров жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилиши;

Маалыматта электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы оңдоо иштерине байланыштуу экени айтылат.