29.03.2018 18:03

Бишкектин айрым аймактарында 30-марттан 6-апрелге чейин газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 30-марттан 6-апрелге чейин  газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым райондорунда газ болбойт. Бул  «Газпром Кыргызстан»ЖЧКсынан билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, газ төмөнкү райондордо болбойт:

  • 30-мартта Тоголок Молдо, Щербаков, Орозбеков, БЧК көчөлөрү менен кесилишкен аймакта;
  • 2-3 апрелде Ден Сяопин проспектиси, Сельповская,  Серпуховская,  Корейская көчөлөрү менен чектешкен аймакта;
  • 3-4 апрелде  Жумабек, Абдрахманов, Эркиндик бульвары, Жибек Жолу проспектиси менен чектешкен аймакта;
  • 4-5 апрелде  Манас Айылы, Курултай, Ветеринарная көчөлөрүндө.