04.05.2018 08:50

Бишкектин айрым көчөлөрүндө бүгүн жарык өчөт

Бишкектин айрым көчөлөрүндө бүгүн жарык өчөт

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасы билдирет. 

4-май күнү калаада: 

9.00дөн 18.00гө чейин  – Түлөбердиев, Витебская, Саадаев көчөлөрүндө, Снегиревский кыска көчөсүндө,  «Хабитат» конушунда;

9.30дөн 18.00гө чейин  – Можайский,  Кызыл-Кыя, Щербаков, Тоголок Молдо, Фрунзе, Абдумомунов көчөлөрүндө, №33 орто мектепте; 

9.30дөн 12.00гө чейин - Барнаульская,Украинская, Асаналиев, Матыев көчөлөрүндө;

9.30дөн 17.00гө чейин  – Абай көчөсү №14 үйдө электр жарыгы жок болот.