11.04.2018 18:14

Бишкектин айрым райондорунда 12-апрелден 20-апрелге чейин газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым райондорунда 12-апрелден 20-апрелге чейин газ өчүрүлөт

Бишкектин бир нече көчөсүндө газ  берүү убактылуу токтотулат. Бул туурасында  «Газпром Кыргызстан» компаниясынын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматта, бул ремонт  иштерине байланыштуу экени айтылат.

«12- апрелден 20- апрелге чейин  борбордун  «Красный строитель», «Керамическая» конуштарында,  Андижан, Логвиненко, Биринчи Май,  Зеленая, Колхозная, Киргизская, Белинский көчөлөрүндө; Ылдыйкы  Ала-Арча  айылындагы Коллективная көчөсүндө газ өчүрүлөт», – деп айтылат маалыматта.