20.06.2018 14:15

Бишкектин айрым райондорунда газ берүү 9 күнгө токтотулду

Бишкектин айрым райондорунда  газ берүү 9 күнгө токтотулду

Бишкектин айрым райондорунда 9 күн көгүлтүр отун берилбейт. Бул туурасында «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришти.

Жүрүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу 20-июндан 29-июнга дейре Бишкектин төмөнкү райондорунда табигый газ өчүрүлөт: 

— Чыгыш, Садовое,  Мыкан, ГЭС — 3,  Лебединовка айылдарында;

— Аламүдүн айылынын: Биринчи май, Гагарин, Полевая, Пионерская, БЧК көчөлөрүндө;

— Чоң Чүй каналы, Лермонтов көчөсү, Чүй, Аламүдүн суусу чектешкен аймакта ;

— Восток- 5 кичирайону, Көлбаев көчөсү, ЖЭБ аймагында.