09.10.2018 14:07

Бишкектин айрым райондорунда таза суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым райондорунда таза суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым райондорунда 11-октябрь күнү саат 9:00дѳн 21:00гѳ чейин таза суу берүү токтотулат. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.

«Түштүк-Батыш» жана «Гагарин» суу топтомдорун оңдоо иштерине байланыштуу Л.Толстой, Жунусалиев, Айни, Чайков кѳчѳлѳрү чектешкен турак райондо жана «Ак-Ѳргѳ» жаңы конушунда, анын ичинде:

- «Ак-Ѳргѳ» жаңы конушунда;

- «Ак-Ордо» жаңы конушунда;

- Ленин районунун Аскер комиссариатында;

- №55 орто мектебинде;

- «Яшар» ЖЧКсында;

- Гагарин кѳчѳсү боюнча «Бишкекжылуулуктармагы» КИ от казанында;

 -  Жер бѳлүштүрүү институтунда;

- №5 мончодо таза суу токтотулат.

«Кыргызконьягы», «Комбинат»,«Лина», «Кока-Кола», «Тамга-Таш ЛТД» ЖЧКларында суунун басымы тѳмѳндѳйт.

«Бишкексууканал» башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан, мекеме жана ишканалардан кечирим сурайт жана алдын ала таза суу камдап алууларын суранат.