03.07.2018 08:30

Бишкектин бир нече көчөсүндө электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт

Бишкектин бир нече көчөсүндө электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт

Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө бүгүн, 3-июль күнү электр жарыгы өчүрүлөт. Бул туурасында «Түндүкэлектр» ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Жарык өчө турган көчөлөрдүн тизмеси: 

— 9:30-18:00 - Төкөлдөш конушундагы Төкөлдөш, Чынара, Менделеев көчөлөрүндө, Чүй кең көчөсү, 
Алма-Ата, Ибраимов, Сүйүмбаев, Жуковский, Табачный, Күрөнкеев көчөлөрү;

— 9:00-17:00 — Кулиев, Каспийский, Күрөңкеев, Малышев жана Араван көчөлөрү;

— 9:00-18:00 — Кызыл-Кыя, Боталиев көчөлөрү, Измайловский жана Дарханский чолок көчөлөрү;

— 09:30- 13:00- Чыгыш-5 кичирайону (Чүй проспектиси №№30, 32, 34, 36 үйлөр), Осмонкул, Жданов, Древесная, Суворов көчөлөрү, Эстонский жана Тугучинский кыска көчөлөрү; 

— 9.30-17.00 — Кустанай, Приморский, Алыкулов, Камчатский, Астраханский, Абакан, Дэн Сяопин, Үсөнбаев, Москва, Линейный жана Гоголь көчөлөрү;

— 9.30-18.00 — Горький, Новосибирск, Кара-Көл, Коммунаров, Кара-Балта, Тифлисский, Рижский,  Оренбург  кыска  көчөсү.  

Жарыктын жок болушу оңдоо иштерине байланыштуу экени айтылат.