17.07.2018 09:29

Бишкектин четиндеги айрым айылдарда 17-19-июлда газ берүү убактылуу токтотулат

Бишкектин четиндеги айрым айылдарда 17-19-июлда газ берүү убактылуу токтотулат

Бишкектин четиндеги айрым айылдарда газ берүү убактылуу токтотулат. Бул туурасында «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда: 

- 17-18-июлда Төмөнкү Ала-Арча айылынын Заводской чакан көчөсүндө, Коллекторная көчөсүндө, Совет чакан көчөсүндө, Панфилов көчөсүндө;

- 18-19-июлда Маевка айылынын М.Гвардия, Тепличная, Скворцова, Восточная көчөлөрүнун кесилишкен аймагында;

- 18-19-июлда Орто-Сай айылынын Иманалиев, Ормокоев, Рысмендиев көчөлөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу жаратылыш газы өчүрүлөт. 

«Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.