13.07.2018 15:57
Бишкектин четиндеги жол кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алды, бири-беш жаштагы бала

Бишкекке жакын жердеги айланма жолдо жол кырсыгы катталып, андан 3 адам каза тапты. Бул туурасында Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
«Жол кырсыгы бүгүн 13.00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 44-чакырымында болгон. Унааны башкарып бараткан 22 жаштагы кыз рулга ээ боло албай калып, «Мерседес» үлгүсүндөгү автоунаа бир нече жолу ала салып кеткен. Унаада айдоочу кыздан тышкары 46 жаштагы киши 5 жаштагы баласы менен болгон. Үчөө тең кырсык болгон жерде мүрт кеткен», — деп айтылат маалыматта.

interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Апрель 2025
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
Выбранная дата: