22.08.2018 10:07
Бишкектин четиндеги жол кырсыгынан 2 адам жаракат алды

Бишкектин четиндеги ГЭС-5 аймагында жол кырсыгы болуп, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу April.kg порталына ЖКККББнын маалымат кызматынан билдиришти.
Кырсык кечээ, 21-август күнү 20:00-20:30 чамасында болгон. «Toyota Gaia» үлгүсүндөгү автоунаа айланма жол менен түштүк тараптан түндүктү көздөй кетип бара жаткан. ГЭС-5 аймагында айдоочу рулга ээ боло албай, жол четине чыгып, бакты сүзгөн.
Жерине тез жардам кызматы чакырылган. Унаанын ичиндеги 2 адам жаракаттар менен ооруканага жеткирилгени айтылат.

interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Апрель 2025
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
Выбранная дата: