06.09.2018 16:45
Бишкектин Фрунзе көчөсүндө унаа кыймылы чектелет: газ өткөргүчтөр оңдолот
Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсү убактылуу жабылат. Бул тууралуу«Газпром Кыргызстан» компаниясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, калаанын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан газ өткөргүчтөрдө капиталдык оңдоо иштери жүрөт. Мындан улам,, 7-сентябрдан 20-сентябрга чейин Фрунзе көчөсүнүн Т.Молдо көчөсүнөн баштап Исанов көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.
Оңдоо иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: