22.06.2018 09:00

Бишкектин көп көчөлөрү бүгүн электр жарыгысыз калат

Бишкектин көп көчөлөрү бүгүн электр жарыгысыз калат

Бишкектин айрым райондорунда бүгүн, 22-июнда  электр жарыгы өчүрүлөт. Бул туурасында "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.

Төмөндө  электр энергиясы убактылуу өчүрүлө турган көчөлөрдүн тизмесин келтиребиз:

— 09.00дөн 18.00гө чейин — Васильев, Манас, Тюмень, Осипенко, Түлөбердиев көчөлөрүндө жана Измайлов, Тихвинский, Кемеров кыска көчөлөрү;  "Чыгыш-5" кичирайону (№12/2, 18/2, 25 А, 24 А, 24 Б, 24 В, 25 Б, 23/2 үйлөрдө);

 09.30дан 17.00гө чейин — Курманжан датка, Жибек Жолу, Муса Жалил, Западная, Ялтинская, Элебесов, Семипалатинская, Коллективная, Фатьянов (№4 үй), Малышев, Минск, Багратион, Горная, Садырбаев, Ахунбаев, Курчатов көчөлөрү, "Көлмө" жаңы конушу (Козу-Баглан, Ак-Көл көчөлөрүндө), Чоң-Арык айылы (Семетей көчөсүндө);

— 09.30дан 12.00гө чейин — Үсөнбаев жана Жумабек көчөлөрү;

— 10.00дөн 13.00гө чейин — Кирпичная, Осмонкул көчөлөрү.

Маалыматта өчүрүү оңдоо иштерине байланыштуу экени айтылат.