14.08.2018 16:31

Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаков кызматынан кетти

Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаков  кызматынан  кетти

Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаков өз ыктыяры менен кызматтан кетти. Бул тууралуу April.kg порталына мэриядан билдиришти. Анын ордуна «Тазалык» мекемесинин директору Рысбек Сарпашев дайындалды.  

Эскерте кетсек, 23-майда жергиликтүү сайттардын биринде белгилүү эколог Эмил Шүкүровдун  «Ар бирин 9 миң сомдон сатып алган көчөттөр Бишкекке жакын жердеги питомникте өстүрүлгөн деген маалымат бар. Ал питомник вице-мэр Эркинбек Исаковдун аталаш тууганына таандык имиш» деп айтканы жазылган материал жарыяланган. Эркинбек Исаков бул сөздү төгүнгө чыгарган. 

Ал эми,  июлдун башында орусиялык  «Диссернет» коомчулугу Эркин Исаковдун 181 беттен турган илимий эмгегинин 140 бети Дагестандын мурунку башчысы Магомедсалам Магомедов менен Самара мамлекеттик техникалык университетинин окутуучусу Марина Гаранинанын эмгектеринен көчүрүлүп алынганын жарыялаган.

Мындан улам, ал кездеги вице-мэр Эркин Исаков илимий даражасынан баш тарткан.