31.10.2018 12:39

Бишкек-Жалал-Абад аба каттамынын үзгүлтүккө учурашы белгилүү кардиохирургду нааразы кылды

Бишкек-Жалал-Абад аба каттамынын үзгүлтүккө учурашы белгилүү кардиохирургду нааразы кылды

Бүгүн, 31-октябрда Бишкектин «Манас» аэропортунан Жалал-Абадды көздөй уча турган каттам белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу КР эмгек сиңирген дарыгери, кардиохирург Калдарбек Абдраманов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

«Учурда «Манас» аэропортунда Жалал-Абадга уча албай турабыз. Мен ал жакта 2 бейтапка операция жасамакмын. Мындай башаламандык  үчүн ким жооп берет? Жөн жерден Жалал-Абадга чейинки каттамды токтотуп коюшту. «Жок дегенде Ошко жөнөткүлө» десек, «АвиаТрафик» компаниясынан эч кандай реакция жок.  Жүргүнчүлөрдүн арасында жаш балдар, улгайган адамдар, операциядан чыккан оорулуулар турат. Акчаны кайтарып бергиле дегендерге «билетти кайдан алсаңар, ошол жактан сурагыла» деп коюшту. Эртең эртең менен учканга деле макул элек, бирок, бирсүгүнү учасыңар деп, өз билгенин кылып жатышат», -дейт нааразы кардиохирург.