16.05.2018 08:50

Быйыл биринчи коңгуроо 10-сентябрда жаңырышы ыктымал

Быйыл биринчи коңгуроо 10-сентябрда жаңырышы ыктымал

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева парламент депутаттарынын сунушу боюнча, быйылкы жаңы окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 10-сентябрга жылдыруу маселеси чечилип жаткандыгын билдирди. Бул туурасында өкмөттүн мектептерди интернет менен камсыздоо маселесине арналган кеңешмесинде айтылды.  

"Биздин жаратылыш шарттарыбызды эске алуу менен окуу жылынын башталышын которуу сунушу балдардын ден-соолугуна да пайдалуу. Алар жылуу мезгилди толук кандуу эс алуу үчүн натыйжалуу пайдалана алышат. Ошондой эле окуу процессинин башталышын которуу туризмди өнүктүрүүгө оңдуу таасирин берет", -дейт министр.

Окуу жылы 10-сентябрда башталса, акыркы коңгуроо өтчү күн да жылып, 31-майга туш келет.

"Ошол эле учурда окуу жылынын которулушу мугалимдердин сааттык жүктөмүнө жана эмгек акысына таасирин тийгизбейт деп ишендирип кетем", - деди министр.