21.09.2018 14:55

Быйыл электр энергиянын тарифи өзгөрбөйт

Быйыл электр энергиянын тарифи өзгөрбөйт

Быйыл электр энергиянын тарифи өзгөрбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда КСДПнын жыйынында өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин директору Таалайбек Нурбашев билдирди.

Депутат Жылдыз Мусабекова электр энергиясын керектөөдө 2 миң киловатт саатка чейинкисин 70 тыйындан төлөө сунушун айтты. «Бул маселе 3 жылдан бери айтылып жатат. Башка аймактарда бир үй-бүлө кыштан 2 тонна көмүр менен чыкса, Нарында 5 тонна менен чыгат», - деди Мусабекова.

Нурбашев: «Быйыл электр энергиянын тарифи өзгөрбөйт. 2019-2023-жылдары жаңы тарифтик саясатты киргизебиз. Сиз айткан маселе 2019-жылы каралат», - деди.