22.08.2018 17:03

Быйылкы окуу жылында окуу китептер 5-6-класстын окуучуларына гана ижарага берилет

Быйылкы окуу жылында окуу китептер 5-6-класстын окуучуларына гана ижарага берилет

Жаңы 2018-2019-окуу жылында окуу китептерин ижарага берүү ыкмасы 5-6-класстын окуучулары үчүн гана киргизилет. Бул туурасында April.kg порталына Билим берүү министрлигинен билдиришти. Бул максатта 3 миллиондон ашык нускада окуу китептери басылып чыгарылды. 

Окуу китептерин ижарага берүүнү жайылтуу графигине ылайык, кийинки 2019-2020-окуу жылында 7-9-класстын окуучулары үчүн чыгарылган жаңы китептерден ижара акысы алынып баштайт.  2022-2023-окуу жылдары бул ыкма 10-11-класстын окуу китептери үчүн колдонулат. 

Ата-энелерден каражатты «Жаңы китеп» мекемеси чогултат. Топтолгон акчага кайра эле мектептер үчүн окуу куралдарды жана китептерди басып чыгарат. «Жаңы китеп» мекемеси ошондой эле окуу китептеринин мектептерге таратылышын көзөмөлдөйт.

Министрлик китеп үчүн ижара акысын алууга төмөнкү себептерден улам барганын тушүндүрөт:

  • мектеп китепканасындагы окуу китептердин 60% эскирип, жыртылып бүттү; 
  • мектептерде китеп жетишсиздигинен ата-энелер баласына китеп сатып берүү үчүн көп акча жумшайт; 
  • ата-энелерде же мектептерде төмөнкү сапаттагы же контрафактылык китептерди сатып алуу тобокелчилиги бар;  
  • жаңы китептерди иштеп чыгууга жана нускалоого көп каражат керектелет. 

 Министрлик ошондой эле кимдер ижара акысын төлөбөө укугуна ээ экенин билдирген:

  • үй-бүлөдө балдардын саны 5 же андан ашык болсо;
  • аз камсыз болгон үй-бүлөнүн (социалдык жөлөк пул алган) балдары;
  • атасы же апасы I же II топтогу майып балдар; 
  • апасы же атасы гана бар балдар; 
  • жетим же ата-эненин камкордугусуз калган балдар; 
  • майыптыгы бар балдар;
  • кызмат учурунда курман болуп, же майып болуп калган аскер кызматкерлеринин жана тартип сакчыларынын балдары. 

50% жеңилдетүү алууга укук берилгендер:

  •  мектеп жашындагы 3-4 баласы бар үй-бүлөлөр. 

Бир окуу китеби үчүн ижара акысы канча турат?

  • 2018-2019-окуу жылында бир окуу китеби үчүн 5-6-класстын окуучусу 25 сом төлөйт. Ижара акысын 30-ноябрга чейин  «Жаңы китеп» мекемесинин банктык эсебине которуу керек. Акча төлөнгөнүн тастыктаган дүмүрчөктү класс жетекчиге көрсөтүү зарыл.  

Ошондой эле, Билим берүү министрлигинен билдиргендей, ар бир окуу китеби үчүн ижара акысы жыл сайын министрлик тарабынан бекитилип турат.