Бонецкий лабораториясы 3500 медицина кызматкерине бекер ПЧР- анализ жүргүзө баштайт
Жеке менчик Бонецкий лабораториясы 3500 медицина кызматкерине бекер ПЧР- анализ жүргүзө баштайт. Бул тууралуу Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кабарлады.
Ошондой эле пенсионерлер жана калктын социалдык аярлуу катмарлары ПЧР-анализинен акысыз өтө алат.
Ал эми андан тышкары мекеме-ишканалардын кызматкерлери акча төлөп, тест тапшырса болот.
Белгилей кетсек бүгүн, 25-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясына 9 киши чалдыккан.
COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 2 463. Учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда 1354 адам жатат.
COVID-19 вирусун жуктуруунун жалпы саны 665 кишиге жетти. Ичинен 174 киши медицина кызматкерлери.
Учурда 312 киши бейтапканада, 6 жаран кайра жандандыруу бөлүмүндө.
Коронавирустан бүгүнкү күнгө карата 345 жаран айыгып чыкса, 8 киши илдеттен көз жумган.
Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 21:00 – 06:00 аралыгы коменданттык саат.
14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: