09.05.2018 14:25

Борбор Азия мамлекет башчылары Сооронбай Жээнбековду жана кыргыз элин Жеңиш күнү менен куттуктады

Борбор Азия мамлекет башчылары Сооронбай Жээнбековду жана кыргыз элин Жеңиш күнү менен куттуктады

Президенттер  Нурсултан Назарбаев (Казакстан), Шавкат Мирзиёев (Өзбекстан), Эмомали Рахмон (Тажикстан), Гурбангулы Бердимухамедов (Түркмөнстан), Ильхам Алиев (Азербайжан), Александр Лукашенко (Белорусия) Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду жана жалпы кыргыз элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгы менен куттуктады. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдиришти. 

Алар президент Сооронбай Жээнбековго чың ден-соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди, ал эми  боордош Кыргызстан элине   гүлдөп -өнүгүү жана прогресс  каалашты.

Мындай мазмундагы телеграмма Сауд Аравиясынын Королу Салман бин Абдель азиз Аль Сауддун дагы атынан келди.