24.05.2020 18:29

Борбор Азияда коронавирус эң көп Казакстанда катталса, Түркөнстанда такыр эле жок

Борбор Азияда коронавирус эң көп Казакстанда катталса, Түркөнстанда такыр эле жок

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 8 миң 322ни түздү. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Акыркы сутка ичинде Казакстанда коронавирус жуктурган 403 адам аныкталган.

8322 бейтаптын ичинен 4 миң 214 адам коронавирустан айыккан, 35 киши каза болгон.

Тажикстанда 24-майга карата акыркы суткада 187 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Жалпы өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 2738 адамга жетти. 44 адам оорудан көз жумган.

Өзбекстанда акыркы суткада 17 адамдан коронавирус илдети аныкталган. Жалпы ооруга чалдыккандардын саны 3132 адамга жетти. 13 адам илдеттен көз жумду. 2532 адам сакайып чыкты.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Түркмөнстанда коронавирус илдети аныкталганы тууралуу расмий маалымат жок.