14.09.2018 13:13

Борбор калаада арыктарды калыбына келтирүүгө тоскоолдук жараткан гараждар түрттүрүлдү

Борбор калаада арыктарды калыбына келтирүүгө тоскоолдук жараткан гараждар түрттүрүлдү

Бишкек шаарында Герцен жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги ирригациялык түйүндөрдү оңдоо-калыбына келтирүүнү жүргүзүүдө тоскоол болгон объектилер жана темир гараждар түрттүрүлдү. Бул тууралуу калаа мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынан билдиришти. 

Түрттүрүү иштери Свердлов райондук администрациясынын 15.05.2018-ж.. чыгыш №18-439 катынын негизинде жүргүзүлдү. Алуу иштерин Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте жүргүзүштү.

Эскерте кесек, аталган даректе 2018-жылдын май айында ирригациялык түйүндөрдү оңдоого тоскоол болгон 62 темир гараж алынган.