25.10.2018 17:35

Борбор шаарда №10 троллейбустук каттам узартылды

Борбор шаарда №10 троллейбустук каттам узартылды

Борбор шаарда №10 троллейбустук каттам узартылды. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. 

Бишкек троллейбус башкармалыгынын маалыматына караганда, Москва көчөсүнүн Фучиктен Интергельпо көчөсүнө чейинки бөлүгүндө байланыш тармагын куруу иштери жыйынтыкталды. Шаардыктарга ыңгайсыздык жаратпоо үчүн троллейбус зымдарын узартуу иштери түн ичинде жүргөн. 

Анын жыйынтыгы менен №10 каттамдын жолун 800 метрге узартууга мүмкүн болду. Буга чейин шаардыктар троллейбус башкармалыгына кайрылып, Интергельпо көчөсүндө эки мектеп, Ленин райондук соцфонд жана башка жарандарга керектүү мекемелер жайгашкандыктан, каттамды узартып берүүнү өтүнүшкөн.