19.03.2018 11:30

Борбордо 20-мартта айрым райондордо таза суу жок болот

Борбордо 20-мартта айрым райондордо таза суу жок болот

20-мартта саат 10.00дон 15.00го дейре айрым райондордо таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, бул иш-чара  «ХБО» суу топтомосунда оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

Төмөнкү көчөлөр менен чектешкен райондо суу жок болот: Шабдан Баатыр, Горький, Достоевский жана темир жол линиясы, анын ичинде №99 лицей, “Нур” ААК, «Алеша» ЖАК, «Бишкек-Нан» ААК,  «ДСМ» Заводу АК, «Ак-Марал Дизайн Сервис» корпорациясы,  Шаардык унаа башкармалыгы, №3 Бишкек шаардык жүргүнчүлөр ишканасы, Бишкек автоучкомбинат, КыргызАвтоВАЗ, “Дасмия” рестораны, ЧуПВЭС, “КТИ Агромаш” АК, “Медиафарм” АК, “Кыргызмедтехника” ЖЧКсы, Саламаттыкты сактоо департаментинин автобазасы, Илим жана бизнес эл аралык университети, Горький көчөсүндөгү  басмакана, “Айдан-фарма” ЖАК, “Автобытсервис” АК, Байпак фабрикасы.

 “Бишкексууканал” башкармалыгы таза суу камылгасын көрүүнү суранат.