08.05.2018 16:32

Борбордо 21-майдан баштап ысык суу берүү өчүрүлөт

Борбордо 21-майдан баштап  ысык суу  берүү өчүрүлөт

Бишкек шаарында 21-майдан 21-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт. Бул туурасында шаар мэриясынан билдиришти.  

Тиешелүү токтомго бүгүн калаа башчысы Албек Ибраимов кол койду.

Ысык сууну өчүрүү жыл сайын жүрүүчү профилактикалык иштерге байланыштуу, кийинки кыш мезгилине  даярдыкты камсыздоо максатында жүргүзүлөт.