20.03.2018 12:35

Борбордо 22-мартта айрым райондордо таза суу жок болот

Борбордо 22-мартта айрым райондордо таза суу жок болот

Бишкекте 22-мартта кээ бир райондордо саат 9:00дон 19:00го чейин таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Бул “Юго-Западный” жана “Гагарин” суу топтомосунда өткөрүлүүчү оңдоо иштерине байланыштуу.

Төмөнкү көчөлөр менен чектешкен райондо суу жок болот: Л.Толстой, Жунусалиев, Айни, Чайковский, анын ичинде Ак-Өргөө жаңы конушу, Ак-Ордо, Ленин районунун аскер комиссариаты, ОП 36/47 мекемеси УИД ИИМ, №55 мектеп, “Яшар” ЖЧКсы, №5 мончо, Дыйканчылык институтунда.

Ал эми, “Кока-Кола” ЖЧКсында, “Тамга-Таш ЛТД” ЖЧКсында, “Лина” фирмасында, “Кыргызконъягы” ЖЧКсында, “Комбинат” ЖЧКсында ичүүчү суунун басымы азаят.