03.04.2018 12:01

Борбордо 65 каттам боюнча кичи автобустар ишин жандантты

Шаардык транспорт башкармалыгынын  маалыматына караганда, бүгүн саат 10:00го карата Бишкекте  65 каттам боюнча 1400гө жакын кичи автобус ишин жандантты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Ал эми,  автобустар менен  троллейбустар  адаттагы режимде ишин улантууда.  Учурда шаар көчөлөрүндө  127 автобус жана  104 троллейбус жүрүп жатат.  Кечээ муниципалдык коомдук транспорт  түнгө чейин иштеди.