28.03.2018 09:38

Борбордо Куранды жатка билгендер арасында мелдеш өттү

Борбордо Куранды жатка билгендер арасында мелдеш  өттү

Бишкек шаарында Куранды жатка билгендер арасында жарыш өттү. Бул жарыш Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен «Адеп Башаты» коомдук фонду тарабынан 8-ирет уюштурулууда.

Финалга өлкө боюнча  катышкан 300дөй адамдын арасынан эң мыкты 25 окуучу катышты.  Жарыш 3 түрдө өткөн:

1.Курандын үчтөн бир бөлүгүн жатка билгендер (10 пара);

2.Курандын үчтөн эки бөлүгүн жатка билгендер (20 пара);

3.Куранды толук жатка билгендер (30 пара).

Жыйынтыгында 10 пара боюнча Бишкек шаарынын тургуну Зарипов Усман биринчи орунду алып,  60 000 сом байге менен сыйланды. 2-орунга 50 миң, 3-орунга 40 миң акча берилди.

20 пара боюнча Чүй облусунан Закиров Абдулло жеңүүчү деп табылып, 130 миң сом байге алды. 2-орунга 100 миң, 3-орунга 70 миң берилди.

30-пара боюнча 1-орунга эки адам татыктуу болуп, Умаров Аятуллого жана Сатторов Алижонго 370 000 сом байге тең ортодон бөлүнүп берилди. 3-орунду алган адамга 150 миң сом байге берилди.

Баткен облустунан келген 9 жашар катышуучу  Куранды жаттап окугандыгы үчүн өзгөчө сыйлык иретинде 10 000 сом менен сыйланды.

Калган катышуучуларга катышкандыгы үчүн 4000 сом сыйлык берилди.

Куран жарышы учурунда “Адеп Башаты” коомдук прогрессивдүү фонду жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы  диндин өсүп-өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн диний ишмерлерге ыраазычылык баракчаларын ыйгарды.