17.04.2018 18:01

Борбордо оңдоо иштерине байланыштуу Осмонкул көчөсүнүн тилкеси убактылуу жабылат

Борбордо оңдоо иштерине байланыштуу Осмонкул көчөсүнүн тилкеси убактылуу жабылат

18-апрелден 30-июнга чейин  Осмонкул көчөсүнүн Жибек Жолу  кең көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки тилкеси калыбына келтирүү иштери  үчүн жабылат. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

Оңдоо иштеринин алкагында унаа жолу жаңыртылып, тротуарлар оңдолуп, жээктер, аялдамалар, жол белгилер коюлат. Инженердик коммуникациялар калыбына келтирилет.

Калаа бийлиги шаардыктар менен шаар тургундарын алдын-ала альтернативдүү жол тандап алууга  чакырат.