09.08.2018 09:47

Борбордо троллейбустук линия үзүлүп, эки каттам ишин токтотту

Борбордо троллейбустук линия  үзүлүп,  эки каттам  ишин токтотту

Калаада троллейбустук линия үзүлүп кеткенине байланыштуу эки каттамдын троллейбустары бүгүн ишке чыккан жок. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Бишкек троллейбус башкармалыгынын маалыматына караганда, бүгүн, 9-августта линиянын үзүлүшү менен № 2 жана 17 каттамдар ишин токтотту. № 7 троллейбустун  жүрүү схемасы Анкара көчөсүнө чейин кыскартылды. 

Троллейбустук линиянын үзүлүшүнө башка унаа айдоочусунун троллейбус линиясынын түркүгүн сузүп кетиши себеп болгон. Бул бүгүн таң эрте катталган. 

Учурда жерине оңдоочу топ жөнөтүлүп, линияны калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.