19.06.2018 17:14

Борбордогу Эркиндик бульвары гүлдүү вазондор менен кооздолот

Борбордогу Эркиндик бульвары гүлдүү вазондор менен кооздолот

Борбордогу Эркиндик бульвары гүлдүү вазондор менен кооздолот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан  кабарлашты. 

"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери  Эркиндик бульварын көз жоосун алган түрдүү гүлдөр менен жасалгалашты. 

Өзгөчө дизайндагы жыгачтан жасалган 50 даана вазон Киев көчөсүнөн тартып Токтогул көчөсүнө чейин бульвардын эки тарабындагы  тратуардын четтерине коюлду.  

Эми аптаптуу жай айынын соңуна чейин жыпар жыттуу таггетис, петуния, сальвия жана агератум гүлдөрү шаардыктардын көңүлүн көтөрмөкчү.

Чүй менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан пирамида формасындагы конструкцияга катарантус гүлдөрү өстүрүлгөн 970 вазон коюлду. 

«Ишкана шаарды вертикалдуу жашылдандыруу боюнча иштерин мындан ары да улантат. Азыркы учурда ишкананын ландшафттык дизайнерлери шаардык клумбдарды гүл менен жасалгалоо боюнча уникалдуу долбоорлор менен иштеп жатышат», -деп айтылат маалыматта.