25.04.2018 10:10
Борбордогу жаңы конуштар убактылуу ичүүчү суусуз калат
Эртең 26-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү токтотулат. Бул туурасында шаар мэриясы билдирди.
Чектөө «Башкара-Суу» суу топтомундагы оңдоо иштерине байланыштуу. Ичүүчү суу эртең: «Орок», «Арча-Бешик», «Ак-Ордо», «Ак-Өргөө» (№40 квартал) конуштарында, Сарбан айылында, Жал, Жогорку Орок, Төмөнкү Орок, Селекция, Жаңы селекция, Кашка-Баш, Калтар, №93, 79 орто мектептерде, №3,5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда жок болот.
«Бишкексууканал» башкармалыгы калкты ичүүчү суу камдап алууга чакырат.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: