26.09.2018 16:47

Борбордук шайлоо комиссиясы өкмөттүн бир жылдык каржылоосунан баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясы  өкмөттүн бир жылдык каржылоосунан баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясы 2019-жылга карата мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынан баш тартты. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн, 26-сентябрда өкмөттүн жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорун кароо учурунда билдирди.

Шайлдабекова буга чейинки шайлоолорду өткөрүүдө келип түшкөн акча каражаттары бар экендигин айтып, бөлүнгөн акчаны алуудан баш тартаарын кабарлады.

Ал эми каржы министри Адылбек Касымалиев БШКга 2019-жылга карата 21 миллион сомдон ашык акча бөлүнө турганын айтып, эгер кереги жок болсо бөлүнө турган акча башка тармакка жумшалаарын айтты.