12.07.2018 08:30

Борбордун отузга жакын көчөсүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Борбордун отузга жакын көчөсүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Бишкекте бүгүн, 12-июлда бир топ көчөлөрдө оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы өчүрүлөт. Бул туурасында «Түндүкэлектр» ишканасынан билдиришти. 

Маалымат боюнча, Байтик баатыр көчөсүнүн  Медеров көчөсүнөн Гвардейская көчөсүнө чейинки тилкесинде саат 15:00дө өчкөн жарык саат 18:00дө күйөт.  

Сүйүнбаев көчөсүндөгү №№2, 4, 6, 8, 9 үйлөрдө, Герцен көчөсүндөгү №№1, 3, 6 үйлөрдө, Бөкөнбаев көчөсүндөгү №1 үйдө 9:00дөн 18:00гө чейин электр энергиясы болбойт.

Курманжан датка, Чар, Көк-Жар, Коңорчок, Тоң көчөлөрүндө саат 9:00дөн 13:00гө чейин жарык болбойт. Ибраимов көчөсүндөгү №33 үй саат 09:00дөн кечки 18:00гө дейре жарыксыз калат. 

Калаанын батышында Керимбеков көчөсүнүн №5 үйүнүн тургундары 9:00дөн 17:00гө чейин электрден өчүрүлөт. 

Измайлов, Дархан чолок көчөлөрүндө 9:30дан 18:00гө дейре жарык өчөт. Кронштадтская, Фучик көчөлөрүндө, Клубный чолок көчөсүндө түшкү 12:00дө өчкөн жарык 17:00дө күйөт. 

Павлов, Жумабек көчөлөрүндө 09:30дан 13:00гө дейре жарык болбойт. Драгобычский чолок көчөсү менен Айни көчөсүндө жарык 9:00дө өчүп, 18:00дө күйөт. 

Жумабек, Баетов, Раззаков көчөлөрүндө  09:30дан 18:00гө дейре электр энергия жок болот

Жамгырчинов. Кайназарова, Патрис Лумумба, Дэн Сяопин, Садыгалиев көчөлөрү саат 9:30дан 17:00гө дейре жарыксыз калат.