13.07.2018 12:49

БШК бир добуштан мэрге ишеним көрсөтпөөнү колдоду. Эми мэрдин тагдыры өкмөт башчынын колунда

  Мэрге ишеним көрсөтпөө (5 материалов)
БШК бир добуштан мэрге ишеним көрсөтпөөнү колдоду. Эми мэрдин тагдыры өкмөт башчынын колунда

Бишкек шаардык кеңешинин 40 депутаты мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөөнү бир добуштан колдошту. Бүгүн,13-июлда шаар кеңеш депутаттары чукул жыйынга чогулган. Анын жүрүшүндө жашыруун добуш берилип, жыйынтыгында баары мэрге ишеним көрсөтүшкөн жок. Эми калаа башчынын тагдырын өкмөт башчы чечет.  

April.kg Бишкек мэрин кандай учурда мөөнөтүнөн мурда  кызматтан алууга боло турганын тактап чыкты. КР "Борбордун статусу" жөнүндөгү мыйзамынын 24-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын мэри Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:

1) жеке арызынын негизинде;

2) ченемдик укуктук актыларды же өткөрүлүп берилген мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын аткарбаганы же тиешелүү деңгээлде аткарбаганы үчүн - шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен;

3) соттун күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн негизинде;

4) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган учурда;

5) аны өлгөн, дайынсыз жоголгон деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле каза болгон учурда;

6) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып кеткен учурда;

7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;

8) туруктуу эмгекке жөндөмсүздүгүнүн натыйжасында өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда;

9) Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуштары менен ишеним көрсөтүлбөгөн учурда.

Бул мыйзамдын 2-пунктуна ылайык, өкмөт башчы Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен макул болбоого укуктуу. Бирок, эгер Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан шаардын мэрине 3 айдын ичинде кайталап ишеним көрсөтүлбөгөн учурда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри аны ээлеген кызматынан бошотот.

Шаардын мэри кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри шаардын жаңы мэри шайланганга чейин мэрдин милдетин аткаруучуну дайындашы мүмкүн.