20.09.2018 10:15

БШК төрагалыгына Жаныбек Абировдун талапкерлиги сунушталууда

БШК төрагалыгына Жаныбек Абировдун талапкерлиги сунушталууда

Бишкек шаардык кеңеши бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы көпчүлүк коалициясын түзүштү.  Бул тууралуу April.kg порталынын кабарчысы билдирди. 

Жаңы түзүлгөн коалицияга КСДП, «Өнүгүү-Прогресс», «Республика-Ата Журт», «Мекеним Кыргызстан» фракциялары кирди. Ал эми «Кыргызстан» фракциясы оппозицияда калды.

Азыр депутаттар тыныгууга тарап кетишти. Андан келген соң, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасын шайлашат. Көпчүлүк коалициядан шаардык кеңешке КСДП фракциясынан Жаныбек Абировдун талапкерлиги сунушталууда.

Буга чейин төрагалыкка жалгыз талапкер катары көрсөтүлүп аткан Кубанычбек Конгантиев талапкерлигин чакыртып алганы белгилүү болду. 

Эске салсак, шаардык кеңештин мурдагы төрагасы Алмаз Кененбаев 17-августта президенттин аппаратынын биринчи орун басары болуп дайындалган.