20.09.2018 13:47

БШКнын жаңы төрагасы эртең жумушунан бошоноорун убада кылды

БШКнын жаңы төрагасы эртең жумушунан бошоноорун убада кылды

Бишкек шаардык кеңешинин жаңы шайланган төрагасы Жаныбек Абиров журналисттерге төрага катары биринчи маек куруп берип жатып, өзүнө чегерилчү маянадан баш тартаарын билдирди.

«Мен буга чейин жөнөкөй депутат катары иштеп, маяна алчу эмесмин. Биз бекер иштечүбүз. Мен азыр расмий түрдө айлыктан баш тартып, төраганын эсебине түшкөн маянанын баарын ай сайын социалдык жактан муктаж объектилерге: карылар жана балдар үйүнө жөнөтүп тураарымды айтып койгум келди. Мен шаар үчүн, шаардыктар үчүн бекер иштеп берүүгө даярмын», -деди төрага. 

Ал ошондой эле, атасы «Рассвет компанинин» директору экенин мойнуна алды.

«Менин атам -бизнесмен, ал «Рассвет компани» ишканасынын негиздөөчүсү. Бул ишкана ЖЭБге көмүр жеткирүү менен алектенет. Бул жерде эч кандай көйгөй жок деп эсептейм. Өзүм «Восход и К» компаниясынын коммерциялык директору болчумун. Кудай буюрса, эртең арыз жазып, фирмадан чыгып кетем», -деди Абиров.