13.04.2018 15:52

Быйыл Улуттук коопсуздук кызматынын 45 кызматкери батирлүү болот

Быйыл Улуттук коопсуздук кызматынын 45 кызматкери  батирлүү болот

Бүгүн, 13-апрелде Ош шаарында Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын  кызматкерлери үчүн курула турган көп кабаттуу турак-үйдүн пайдубалын түптөө башталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук органынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш-чара президент тарабынан 2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоого байланыштуу жүрүүдө. Салтанаттуу аземге Ош шаарынын мэри, жетекчилик, ардагерлер, улуттук коопсуздук органынын кызматкерлери катышты.

МУКК 45тен ашуун  кызматкеринин үй-бүлөсү жаңы конушка ушул жылы кире алышат. Президенттин жардамы менен улуттук коопсуздук органынын кызматкерлери үчүн мындай үйлөрдү өлкөнүн башка аймактарына да куруу пландалууда.