17.07.2018 14:18

Бурулайды ала качкан жаран кызды өлтүргөнүн эстей алган эмес

  Бурулайдын өлүмү (2 материала)
Бурулайды ала качкан жаран кызды өлтүргөнүн эстей алган эмес

Бурулай Турдалиеваны өлтүрүүгө шектелген жаран күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Бул туурасында бүгүн, 17-июлда маалымат жыйын учурунда Чүй облустук ИИББнын жетекчисинин орун басары Жыпара Исакбаева билдирди. 

Анын айтымында, айыпталуучу өзүнүн кыз ала качканын гана моюндады. Калгандары эсинде жок. 

«Кармалган жаран кызды ала качып баратканын эстей алаарын, ал эми өлтүргөнү эсинде жок экенин билдирди. Психиатриялык экспертизадан өткөрсөк, акыл-эси жайында деп чыкты», - деп түшүндүрдү Исакбаева.

Эскерте кетсек, 27-майда 30 жаштагы Марс Бөдөшев 19 жаштагы кызды үйлөнүү максатында ала качып, бирок кыздын ата-энесинин арыздануусунун негизинде жол тескөөчүлөр тарабынан токтотулган. Экөө тең Жайыл РИИБине алынып келинген. Эки саатка жетип-жетпей Бурулайды алып кетүүгө келген ата-энесине кызды «күйөө жигит» бычактап салганын угузушкан. Өзүнө да бычак сайды деген жигит ооруканага жаткырылган. Учурда Марс Бөдөшев №47 түрмө ооруканасында.