05.07.2018 09:47

Бурулайдын атасы: Ишти президент көзөмөлгө алып жаткан соң, баары акыйкат чыгат деп ойлогом

Бурулайдын атасы: Ишти президент көзөмөлгө алып жаткан соң,  баары акыйкат чыгат деп ойлогом

Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын ата-энеси соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен макул эмес. Бирок, кызынын сөөгүн казып алып, кайра текшертүү оюнан баш тартышты.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 27-май күнү  19 жаштагы Бурулайды 30 жаштагы Марс Бөдөшов аттуу жаран үйлөнүү максатында ала качып, бирок Сосновкадан кармалган. Милиция кызматкерлери кыз менен жигитти Жайыл райондук ИИБине алып келишип, ал жерден Бурулай бир нече жолу бычак жеп, каза тапкан. Алгач кызга, анан өзүнө бычак урду делген жигит ооруканага түшкөн. 

Ал жигит азыр кайда, эмне үчүн Бурулайдын ата-энеси соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна макул эмес, өз чүрпөсүн көмүлгөн жеринен кайда казып чыгууну талап кылууга эмне себеп болду - мына ушулар тууралуу  «Апрель» телеканалынын «Жанылыктар кечи» чыгарылышында кыздын атасы Турдалы Кожоналиев жана анын жактоочусу Есения Рамазанова менен маек болду.

- Эң алгачкы эле суроо тергөөнүн жүрүшү жөнүндө болсун. Сиздер тергөөнүн жүрүшүнө кандай баа бересиздер, кайсы жагдайга нааразысыздар? 

Жактоочу: - Тергөөнүн жүрүшүнө биз нааразычылык келтирген  жокпуз. Биз экспертизанын корутундусуна макул эмеспиз.  Бурулайдын өлүмү боюнча соттук-медициналык  экспертиза дайындалган. Экспертиза дайындалды деп тергөөчү бизди чакырып, токтом менен тааныштырган. Биз колубуздагы далилдерге таянып, өзүбүздүн суроолорубузду кошконбуз. 23-июнда экспертизанын корутундусу менен таанышып кеткиле деп чакырды. Биз барып, тааныштык.  Корутундуда биздеги болгон далилдер  көрсөтүлбөптүр. Андан башка да абдан көп кемчиликтерди таптык.  Кандай кемчиликтер экени жана экспертизанын корутундусу тууралуу мен азыр сиздерге кенен маалымат бере албайм, анткени, шарт боюнча тергөөнүн купуялуулугу сакталышы керек. Кыскача эле токтоло кетсем, ал жерде окуя болгон убакыт-сааттар дал келген эмес, жадагалса, кылмыш болгон күн дал келген эмес. Биз кошумча суроолорубузду берип, далилдерибизди көрсөтүп, кайра комиссиялык экспертизага деле берсек болмок. Бирок, экспертизанын корутундусуна аябай нааразы болгон Турдалы байке ошол жерден эксгумация кылгыла деп талап кылды.

- Турдалы ага, эксгумация жөнүндө чечим кабыл алуу  сизге оңойго турбаса керек? 

- Оор болду... Кызымдын кыркылыгын өткөргөндө туугандарга кеңештим. Алар бир айдан өтүп кетти, болду эми,  көмгөн жерден кайра казып, кызды кыйнабайлы дешти.  Мындан улам, жактоочуга кайра айттым, комиссиялык экспертиза кылдырып, текшертели дедим. Бизде  далилдер бар. Кызымды моргдон алып келгенде, сууга ала электе эле денесин ачып караганбыз.  Ачсак, көкүрөгүндө жазуулар бар экен.  Корутундуда мына ошол жазуулар  тууралуу эч сөз жок болуп калган. 

- Кандай жазуулар бар эле?

- Кызымдын жигитинин аты Нурлан экен,  аны эми мен деле тааныбайм да.  Анан төшүнө «Н» деп жазыптыр, анан + белгисин коюп туруп, эмчегин айланта басма тамга менен «Б» деп жазыптыр. Астында крест бар экен. Анан мен бул ишти президент,  премьер-министр, ИИМ башчысы, Башкы прокуратура — баары  көзөмөлдөп жатат, экспертиза акыйкат эле чыгат го деп ойлоп, эч кимге ал жазуулар тууралуу айткан деле, көрсөткөн деле эмесмин.  Ушундай даражадагы адамдар аралашып, сөз кылып жаткандан кийин туура жыйынтык чыгарып беришет деп ойлогом.  Бир айдан кийин экспертиза чыкты. 

Мен биринчи караганда корутундуда жазуулар тууралуу жоктой көрүндү, анан кечээ кайра адвокат менен барганда карасак, аларда деле бар экен. Мен ал сүрөттү карагым да келген жок...Мындай ишти эми чынын айтканда, душмандын да башына салбасын дейт элем. 

Алгач сөөгүн ачтырам деп чыктым. Ачтырып, баарын далилдейм дедим. Бирок, тиешелүү эксперттер менен сүйлөшүп көрдүм. Моргдогулар менен барып сүйлөштүм. Булар  «каза болгондо жүрөгүнө үтүк коюшкан, ошондон калган так» деп жатышпайбы. Кызым өлгөндөн кийин үтүк коюштун эмне кереги бар эле? Макул, койсун. Аны «суулап туруп койгонбуз» дейт, андан тамганын изи түшүп калбайт эле го??? Күйүп калды дешет. Мындай сөзгө сокур киши деле ишенбейт.  Эми кечээ жакшы эксперт таап, экспертизанын корутундусу тууралуу айттым. Ал сүрөттү карап туруп  эле, «үтүк менен басканда мындай болуп кызармак эмес, көпкөк болуп чыкмак» деди. Үтүктү жүрөк тушка коймок, кое турган болсо. Бул жерде урдурган жери да туура келбей жатат. Сүрөттө чийиктер бар жерден кыпкызыл болуп кан чыгып турганы кадимкидей көрүнүп турат. Кантип анан үтүктүн тагы деп корутунду чыгарышты, билбейм. Экспертиза жасаган күн Орозо күндөрүнө туш келди эле, Кудайдан деле корксо болмок. Экспертизанын ошол жагына нааразы болуп жатабыз. Тергөөчү  «Бул бычак менен түшүрүлгөн жазуу экенин далилдеп берсеңиз деле, ал үчүн берене кошулбайт» дейт. Адвокатым деле ошону айтып жатат. Бирок, мага чындык керек, акыйкаттык керек. Болгонун болгондой чыгарышсын. Татыктуу жазасын алсын. Бүгүн, макул, менин кызымдын иши ушинтип жабылып кетсин, бирок, бул ишти аягына чыгарып, татыктуу жазасын бербесек, эртеңки күнү дагы бир кыргыз кызы ала качуудан жабыркап, каза болушу мүмкүн. Ошондуктан, бул сабак болуш керек кыргыз элине.  

-  Есения  айым,  убакыттар дал келбей жатат деп айттыңыз, ошол тууралуу кенен токтоло кетсеңиз. 

- Бурулайдын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн убактысы, Бөдөшов Марсты анестезиолог караган убактысы дал келбей жатат. Техникалык ката кетти дейли десек, 27-майда болгон кырсыкты кээ бир жерде 19-май деп жазышыптыр, башка жеринде 25-май деп жүрөт. Бурулайдын кайдан каза болгонун да так айта алышпайт. Жайыл РИИБинин ичинен каза болдубу же ооруканадан каза болдубу? Мына ушул суроолорубузга да так жооп ала алган жокпуз. Анткени, убакыт саат, күн, мүнөт, секундасы да башкача жазылган, таптакыр дал келбейт. 

-Эмнеге жашыруулар болуп жатат деп ойлоп жатасыз?

-  Жаап-жашыруу  деп деле азыр бирөөлөрдү айыптай албайм. Мен кесиптешим менен бирге Жайыл ооруканасына барып, кыз тууралуу да, жигит тууралуу да өзүбүздүн адвокаттык сурообузду калтырдык.  Бизге экспертизанын корутундусунун көчүрмөсү берилген. Ошол боюнча, бул техникалык катабы, же эксперттердин сабатсыздыгыбы же атайылап жасалганбы - ошолорго жооп алуу үчүн суроо жөнөттүк. Бүгүн-эртең жооп даяр болот. 

-  Кылмышка шектүү бала кайсыл жакта  азыр?

- Буга чейин Бурулайдын атасы  «Эмнеге камакка алынды деп коюшуп, кайра эле ооруканада жатат?» деп сурап жатты эле. Мен бүгүн Тергөө изоляторуна барып калып, анын кайда экенин сураштырсам, №47 абакта дешти. №47 мекеме - түрмөнүн ооруканасы болуп эсептелет. Андан ашык маалыматты алууга менин укугум жок. 

-Турдалы ага, бул жигитти мурун таанычу белеңиз? Ал тууралуу  маалыматыңыз бар беле? 

- Бул баланын атасын да, байкелерин да тааныйм. Чогуу иштешкенбиз. Атасы деле жакшы эле киши болчу. Бул бала эмнеге мындай ишке барды билбейм. Кайта-кайта айта бергим келген жок. Бирок, буга чейин 4-майда да ала качып кеткенде, кайра алып келдиргем. Кызым келгенде сурайын, жактырса, берейин дегем. Келгенде сурасам, баш тартты. «Менин жигитим бар, ата. Булар мени сабактан чыксам эле 5-6 бала болуп, салып кетишти»,-  деди. Ошондо эле арыз жазайын десем, байкеси келип, мен үчүн кечирип коюңуз дегенинен,  мен кечирип арыз жазган эмес элем.  Акыры мына ушундай иш болду. 

- Эгерде бул факт далилденсе, кандай өзгөрүүлөр болот?

Жактоочу: - Азыр кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 6-пункту "Өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү" боюнча иш козголду. Эгер азыркы айткандарыбыз далилденсе, «сөөктү  мазактоо» деген дагы бир берене кошулат. Бул жерде  Бөдөшовдун үстүнөн кыз ала  качуу боюнча кылмыш иши козголду. Ага психиатриялык- психологиялык  экспертиза дайындалган. Биз анын дагы корутундусу менен таанышып чыктык, анда эмне жазылганын айта албайбыз, бирок ал корутунду менен макулбуз.

Бурулайдын атасы: - Менин бир кайрылуум бар эле. Президентке, премьер-министрге, Башкы прокуратурага, ИИМ башчысына дагы бир жолу кайрылып кетем. Суранычым, ушул иштин акыйкат териштирилишин көзөмөлдөп койсоңуздар, мен ошого ыраазымын.