31.05.2018 18:01

БУУ Кыргызстанда ала качылган кыздын бычакталышы боюнча үн катты

БУУ Кыргызстанда ала качылган кыздын  бычакталышы боюнча  үн катты

БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү үйлөнүү максатында кыздын уурдалып, кийин анын милиция бөлүмүндө бычакталып өлтүрүлүшү кылмышына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Бул туурасында бүгүн уюмдун маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат. 

БУУнун маалыматы боюнча, өлкөдө 24 жашка толо элек кыздардын 13,8 пайызы мажбурлоо жолу менен күйөөгө чыгат. 

«Жашы жете электерди же кыздарды эркинен тыш никеге турууга мажбурлоо адамдын фундаменталдык укугун бузуу болуп эсептелинет. Мунун кесепети окуяга түздөн-түз катыштыгы бар тараптарга гана эмес ,жалпы коомго тийет.  Кызды уурдоо жана мажбурлап никеге тургузуу сыяктуу көрүнүштөрдүн кыргыз маданиятына жана каада-салтына тиешеси жок. Бул болгону калктын аялуу катмарынын укугун бузуу», — деп айтылат билдирүүдө. 

БУУнун өкүлчүлүгү кыргыз бийлиги жашы жете электерге молдо нике окуп, күйөөгө узатып койгон учурларга тыюу салгандан бери өлкөдө байкалган жакшы өзгөрүүлөрдү белгиледи.  

«Бирок, кызды уурдап кетүү жана мажбурлап никеге тургузуу боюнча кошумча чара көрүү керек. Күнөөлүүлөрдү жоопко тартып, эски түшүнүктүн курмандыктарын коргоого алуу зарыл», — деп корутундулайт уюм билдирүүсүн. 

Эске сала кетсек, 27-майда Бишкекте Талас облусунун тургуну ала качып бараткан кызын бычактап өлтүргөн. 

Милицияга 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында уурдап кетишкени боюнча билдирүү келип түшүп, шектүү Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин тартип сакчылары тарабынан кармалган.  Аларды  Жайыл РИИБине жеткирип, документтерди толтуруу маалында кылмышка шектүү кыз отурган бөлмөгө кирип, эшикти ичинен бекитип алган. Бөлмөдөн ызы-чуу чыкканынан эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери жерде канга чыланып жаткан кызды көрүшкөн. Ал эми ага кол салган жаран өзүнө да кошо бычак сайган.